МинКаб Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго жана Маданият министри Алтынбек Максутовго эскертүү берилди

 МинКаб Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго жана Маданият министри Алтынбек Максутовго эскертүү берилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Байсалов Эдил Жолдубаевичке жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Максутов Алтынбек Аскаровичке эскертүү берилди.

Бул чечим Сербиядан Кыргызстанга кайтып келген Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын байге ээлерин тосуп алууну жетиштүү деңгээлде уюштурбагандыгына байланыштуу кабыл алынды.

Связанный пост