МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев: Кыргызстан кытай ишкерлери үчүн ыңгайлуу шарт түзөт

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна (Кытай Эл Республикасы) болгон иш сапарынын алкагында,  “Huahe international” компаниясынын башкы директору Лю Чуаньу менен биргеликте Кыргызстанда түзмө-түз иш алып барууга кызыккан 30дан ашуун кытай ишкерлеринин катышуусундагы “Кыргызстан – Кытай” бизнес жолугушуусуна катышты.

МинКаб Төрагасынын орун басары эки өлкөнүн экономикасына салым кошкон ишкерлер үчүн Кыргызстан кытай ишкерлерине ыңгайлуу шарттарды түзүүгө даяр экендигин билдирди.

“Кыргызстанда ишкердик жүргүзүүгө кызыкканыңыздар бизди кубандырат. Экономиканын жогорулашына ишкерлердин салымы чоң, бул багытта терең иш алып баруу үчүн сиздерди үстүбүздөгү жылы өткөрүлө турган жетинчи “Ыссык-Көл Эл аралык экономикалык форумуна” жана алтынчы “Жибек Жолундагы товарлар” жарманкесине катышууга чакырам”, – деди ал.

Жолугушуунун жүрүшүндө, ар кандай тармактагы ишкерлик чөйрөсүндөгү презентациялар көрсөтүлүп, аны менен бирге далилдүү сунуштар, жана инвестициялык долбоорлор каралып чыкты.

Анын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен “YEMA GROUP., LTD” компаниясынын ортосунда “Кыргыз-кытай соода борборун түзүү жөнүндө” Меморандумга кол коюлду.

Ошондой эле, иш сапардын алкагында МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Үрүмчү шаарындагы Чжунтай корпорациясынын, Эл аралык кургак портунун жана Эл аралык базардын жетекчилиги менен жолугуп эки тараптуу энергетика, соода, транспорт, айыл чарба жана жеңил өнөр жай тармактарында сүйлөшүү жүргүздү.

Связанный пост