Минкаб Төрагасы күрөш боюнча Азия чемпионатына катышып жаткан Кыргызстандын курама командасына колдоо сөздөрүн билдирди

 Минкаб Төрагасы күрөш боюнча Азия чемпионатына катышып жаткан Кыргызстандын курама командасына колдоо сөздөрүн билдирди

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Астана шаарында (Казакстан Республикасы) өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатына катышып жаткан улуттук курама команданы куттуктап, колдоо сөздөрү менен телефон чалды.

10-апрель түнү Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев менен болгон баарлашууда Акылбек Жапаров грек-рим күрөшү боюнча  алтын медаль алып Азия чемпиону болгон Акжол Махмудовго, Жоламан Шаршенбеков менен Акылбек Талантбековго, ошондой эле байгелүү орунга ээ болгон спортчулар: Үзүр Жусупбеков (күмүш), Роман Ким (коло), Раззак Бейшекеев (коло) жана Адилхан Нурланбековго (коло) жалпы кыргызстандыктардын атынан куттуктоо сөздөрүн айтып коюуну өтүндү.

МинКаб Төрагасы бүтүндөй өлкө улуттук курама командага жан үрөп жатканын жана калыстын катасынан чемпионатта күмүш алган Үзүрбек Жузупбеков баш болгон спортчулары үчүн катуу тынчсызданып жатканын белгиледи.

“Биз бардык спортчуларыбыз менен чексиз сыймыктануудабыз. Чемпионаттын алгачкы күндөрү бизге жети медаль алып келди. Бул эң сонун башталыш! Мелдештерде чемпиондук үчүн күрөшө элек калган спортчуларыбызга ийгилик жана жеңиш каалайм”, – деген Акылбек Жапаров бардык кыргызстандыктар “эркин күрөшчүлөрдү” жана балбан кыз-келиндерди колдой турганын кошумчалады.

Связанный пост