МинКаб төрагасы энергетикалык “EDF” жана “Masdar” компанияларынын жетекчилери менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Ташкент шаарына (Өзбекстан Республикасы) болгон жумуш сапарынын алкагында Француз Республикасынын Elektricite de France (EDF) энергетикалык компаниясынын Европа жана Борбор Азия мамлекеттери боюнча Вице-президенти Марк Жирард жана Masdar компаниясынын жетекчиси Мохамед Жамиль Аль Рамахи менен жолукту.

 

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу жана биргелешкен энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

 

Атап айтканда, 2023-жылдын декабрында Дубай шаарында өткөн Климат боюнча дүйнөлүк саммиттин алкагында энергетика тармагында кызматташуу жөнүндө үч тараптуу кол коюлган меморандум тууралуу сөз болду.

 

“Министрлер Кабинети EDF жана Masdar компанияларынын кызматташуу ниетин кубаттайт жана Кыргыз Республикасындагы гидроэнергетикага жана энергиянын кайра жаралуучу булактарына инвестиция салуусуна колдоо көрсөтөт”, – деди Акылбек Жапаров.

 

Ошондой эле кызматташтыкты өнүктүрүүгө бекем негиз түзүү максатында EDF жана Masdar компанияларынын Кыргызстанда өкүлчүлүктөрүн ачуу сунушуна компания жетекчилери кызыкдар экенин жана Кыргызстандагы энергетикалык ири долбоорлорду колдоого даяр экендиктерин билдиришти.

Связанный пост