МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Салахидин Токтобаевге барып, Улуу Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады

 МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Салахидин Токтобаевге барып, Улуу Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери 98 жаштагы Салахидин Токтобаевге барып, Улуу Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады.

МинКаб башчысы ардагерге Президент Садыр Жапаровдун атынан жеке куттуктоосун айтып, 100 миң сом өлчөмүндөгү бир жолку төлөмдү тапшырды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы ардагерге жана анын үй-бүлөсүнө бекем ден соолук, жакшылык жана бакубатчылык каалап, Улуу Ата Мекендик согушта өз өмүрүн кыйып, Жеңишке жетишкен жоокерлердин ынтымагын, биримдигин, бекемдигин жана берилгендигин белгиледи.

Связанный пост