МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров швейцариялык “Edelweiss Group AG” компаниясынын өкүлдөрүн кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров швейцариялык “Edelweiss Group AG” компаниясынын өкүлдөрүн кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар санариптик технологиялар, тоо-кен тармагы, дата-борборлорун куруу жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

МинКаб башчысы, Министрлер Кабинети “өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвесторлордун жаңы жана креативдүү сунуштарына ар дайым ачык” экендигин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында биргелешкен келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча тыгыз кызматташуу макулдашылды.

Связанный пост