МинКаб Төрагасы 10 күндүн ичинде өлкөдөгү бардык көзөмөл-өткөрүү пункттарынын айланасында тартипти орнотууну тапшырды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына өлкөдөгү бардык көзөмөл-өткөрүү пункттарынын айланасында жана аймагында тартипти орнотууну тапшырды. Тиешелүү тапшырмаларды ал “Ак-Жол” көзөмөл-өткөрүү пунктунун ишмердүүлүгүн көргөн учурунда берди.

 

МинКаб Төрагасы өлкө жарандарынын жана конокторунун көзөмөл-өткөрүү пунктары аркылуу өтүү учурунда аларга ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

 

Ал көзөмөл-өткөрүү пунктуна жакын жайгашкан жерлерди көрүп жатып, иштебей турган күркөлөрдү жана имараттарды демонтаждоо, айлананын тазалыгын сактоо жана көрктөндүрүү, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жагынан тартипти калыбына келтирүү зарылдыгын белгиледи.

Связанный пост