МинКаб коомдук тамактануу жайларында санитардык эрежелердин сакталышын көзөмөлдөө боюнча ишти күчөтүүнү талап кылат

 МинКаб коомдук тамактануу жайларында санитардык эрежелердин сакталышын көзөмөлдөө боюнча ишти күчөтүүнү талап кылат

Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментине жана жергиликтүү бийлик органдарына коомдук тамактануучу жайларда санитардык эрежелердин сакталышын көзөмөлдөө боюнча ишти күчөтүү тапшырмасы берилди. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов борбор калаадагы ресторандардын биринде жарандардын массалык тамактан ууланышы боюнча акыркы фактыларга байланыштуу тиешелүү мамлекеттик органдар менен кеңешме өткөрдү.

 

Жыйында мындай окуялардын алдын алуу жана жарандардын ден соолугунун коопсуздугун камсыздоо маселелери талкууланды. Анда тамак-аштын сапатын көзөмөлдөө жана коомдук мекемелерде санитардык эрежелерди сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

 

Саламаттыкты сактоо министрлигине жеке менчик коомдук тамактануу жайларында тамак-аш коопсуздугунун маселелери боюнча профилактикалык жана эпидемияга каршы иш-чараларды жүргүзүүнү улантуу, ошондой эле коомдук тамактануу тармагында санитардык-эпидемиологиялык жана тамак-аш коопсуздугунун эрежелерин бузгандыгы үчүн айыптын өлчөмүн жогорулатуу боюнча сунуштарды киргизүү тапшырылды.

 

Экономика жана коммерция министрлигине жеке коомдук тамактануу ишканалары тарабынан электрондук эсеп-фактураларды колдонуу менен сертификатталган гана тамак-аш азыктарын милдеттүү түрдө сатып алуу маселеси боюнча, ошондой эле жеке коомдук тамактануу жайларында тамак-аш даярдоочу жайларда байкоочу камералардын милдеттүү түрдө болушу боюнча сунуштарды киргизүү тапшырылды.

Связанный пост