Минкаб башчысы жазгы талаа иштерине даярдык боюнча жыйын өткөрдү

 Минкаб башчысы жазгы талаа иштерине даярдык боюнча жыйын өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров өлкө аймактарынын жазгы талаа иштерине даярдыгы боюнча селектордук жыйын өткөрдү.

Минкаб башчысы “Бүгүн биз Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, акимдердин жана шаар мэрлеринин жазгы талаа иштерине даярдык көрүү боюнча маалыматын угабыз”, – деп жыйынды баштады.

Ал ошондой эле, селектордук кеңешмеге даярданууда аймактардагы жетекчилерде биринчи кезекте колдогу айдоо жерлер, ирригациялык системалар жана башка керектүү мүнөздөмөлөрдү көрсөткөн аймактын электрондук картасы болушу керектигин белгиледи.

Биринчи болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров баяндама жасады.

Ал белгилегендей, азыркы учурга карата 10 миң 566 гектардан ашуун жер айдалып, Айыл чарба министрлиги аркылуу 1997 тонна үрөн дыйкандарга таратылды.

Тимур Мадяров жазгы талаа иштерине даярдык максималдуу жүрүп жатканын, бардык зарыл болгон иш-чаралар, анын ичинде айыл чарба техникалары менен камсыздоо толугу менен аткарылганын белгиледи.

Андан ары Кыргыз Республикасынын Президентинин башка облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү баяндама жасашты.

Алсак, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов облуста жазгы талаа иштери кызуу жүрүп жатканын белгиледи.

“Жаздык буудай себүү 40%га, арпа 44%га, картошка 13%га, жашылча 5%га аткарылып, иш уланууда. Дыйкандар бардык керектүү жабдыктар менен камсыздалган”, – деди ал.

Өз кезегинде Министрлер Кабинетинин Төрагасы агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүдө чет мамлекеттердин алдыңкы тажрыйбасын колдонуу зарылдыгын белгиледи.

“Өзбекстан Республикасында айыл чарбанын ар бир тармагы үчүн бүтүндөй кластер аныкталган. Биз агрардык республика катары кластердик системага максималдуу көңүл бурушубуз керек. Суу менен сугаруу планы, себүү планы, аймактын электрондук картасы – бул инновациялар айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө мол түшүм алууга жардам берет”, – деди Акылбек Жапаров.

Андан ары Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков жыйындын катышуучуларына 616 миң жер санарипке өтүп, ар бир облустук администрацияга электрондук түрдө өткөрүлүп берилгенин маалымдады.

“Сугат иштерине 1 млрд куб метрден ашуун суу сарпталды. Сугат каналдарын тазалоого күчтү мобилизациялоо 2022-жылы дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылуу маселесин толугу менен чечүүгө жардам берди. Бул боюнча быйыл дагы иш улантылат”, – деп белгиледи Айыл чарба министри.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы жер-жерлерде жемиштүү жана натыйжалуу иштөө үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн белгиледи.

“Кызыкчылыкты көрсөт, элдин мүдөөсүнө кайдыгер караба, алардын көйгөйлөрүн тез арада чечүүгө бардык күч-аракетиңди жумша. Калктын жыргалчылыгын жогорулатууга багытталган бардык демилгеңиздерди колдоого даярбыз. Болгону талыкпай иштешибиз керек”, – деп жыйынтыктады ал.

Связанный пост