Минкаб башчысы Ош облусундагы унаа жолдун, заводдун жана мектептин курулушу менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Өзгөн шаарын айланып өтүүчү унаа жолдун, Ош шаарындагы мектептин жана Кара-Суу районундагы заводдун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Алгач минкаб төрагасы Акылбек Жапаров Ош шаарынын Жибек-Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгында курулушу жүрүп жаткан жалпы билим берүүчү мектепке барды. Баары 625 окуучуга ылайыкташкан мектепти куруунун сметалык баасы 243,5 млн сом. Эки кабат боло турган мектепте учурда кыш кыноо, электро монтаждоо сыяктуу иштер жүрүүдө.

Ал ошондой эле Кара-Суу районунун Ынтымак айыл аймагында “Ош таза көмүр” заводунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Завод көмүрдү тазалоого жана бышык кирпич чыгарууга багытталган, ал ишке киргенден тартып 350 адам жумуш оруну менен камсыз болот.

Андан соң Акылбек Жапаров Ош облусунун Өзгөн районундагы Өзгөн шаарын айланып өтүүчү унаа жолдун курулуш иштери менен таанышты. Жергиликтүү мамлекеттик администрация, курулуш компаниялары тарабынан иштин жүрүшү тууралуу маалымат берилди. Маалым болгондой, 2024-жылы башталган курулуш иштерин үстүбүздөгү жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.

Белгилей кетсек, Өзгөн шаарын айланып өтүүчү унаа жол шаардын борбору аркылуу өтүп, негизги Ош-Бишкек жолуна альтернатива болот. Унаа жолдун жалпы узундугу 14 чакырымды түзөт, ал төрт тараптуу маршруттук каттам болот, Кара-Дарыя дарыясында 200 метр жана Жазы дарыясында 97 метрди түзгөн 2 чоң көпүрө курулду. Учурда асфальт-бетон төшөө, лотокторду орнотуу сыяктуу иштер уланууда. Пландалган иштердин 85-90%зы жыйынтыкталды.

Иштердин жүрүшүн жеринде көрүп чыккан минкаб төрагасы Акылбек Жапаров тармактык мамлекеттик органдардын жетекчилерине тиешелүү тапшырмаларды берип, курулуш компанияларына иштин сапаттуулугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Связанный пост