МинКаб башчысы Нарын облусундагы мектептердин курулушунун жүрүшү менен таанышты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында маанилүү социалдык жана инфраструктуралык долбоорлордун аткарылышынын жүрүшү менен таанышты.
Кочкор айылында курулуп жаткан мамлекеттик ипотекалык үйлөр менен таанышты. «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК ишке ашырып жаткан долбоор облустун тургундарына арзан баада турак жай сатып алууга мүмкүндүк берет.
Курулуш аянты 23846,8 чарчы метрди түзүп, 200 батирдин курулушу пландаштырылган. Объектке электр жарыгы жана суу түтүктөрү кошулган, жакынкы аралыкта блокторду бетондоо иштери башталат.
Андан ары Кочкор айыл өкмөтүнө караштуу Чолпон айылында К.Акназаров атындагы орто мектепке мектеп автобусун тапшыруу аземине Министрлер Кабинетинин башчысы катышты. Акылбек Жапаров мектеп окуучуларынын, айрыкча мектептен 3 чакырым алыстыкта жайгашкан Тармал-Саз айылынан келген 30 окуучунун коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Кочкор айылында МинКаб башчысы И.Арабаев атындагы 500 орунга эсептелген орто мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Учурда мектептин пайдубалы бүткөрүлүп, биринчи кабатынын дубалын тургузуу иштери башталды.
Акылбек Жапаров 2023-жылы Кыргызстанда 200дөн ашык мектеп курулганын, анын ичинде бир нече узак мөөнөттүү курулуш объектилери болгонун эске салды. Министрлер кабинетинин башчысы бул иштерди улантуунун маанилүүлүгүн белгилеп, И.Арабаев атындагы мектептин курулушун бардык сапат стандарттарын сактоо менен өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү тапшырды.