МинКаб алдындагы ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды колдоо маселелери боюнча кеңешме өттү

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Майыптар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү, аны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов алып барды.
Иш-чарага Кеңештин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын, ошондой эле эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты. Талкуунун негизги предмети ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын коргоо, алардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана коомдун турмушуна катышуусуна бирдей шарттарды түзүү болду.
“Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жана мүмкүнчүлүктөрү менен байланышкан маселелер бүтүндөй Министрлер Кабинетинин приоритеттүү милдеттеринин бири. Албетте, бардык көйгөйлөрдү дароо эле чечип коюу мүмкүн эмес, бирок акыркы 3-4 жылда бул маселелерге мамиле кескин өзгөргөнүн көрүп жатабыз. Бул дагы бир бурулуш учур болуп саналат. Биз элибиздин жашоо шартын түзүүгө бардык күч менен аракет кылып жатабыз”, – деди Эдил Байсалов чогулуштун жыйынтыгын чыгарууда.
Жолугушууда негизги көңүл ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды санариптештирүү процесстерине интеграциялоо, социалдык жана салыктык жеңилдиктерге жетүүнү камсыз кылуу, укуктук жактан коргоо, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарда алардын коопсуздугун камсыздоо маселелерине арналды.
Жыйындын катышуучулары ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды колдоо жаатындагы мамлекеттик саясатты өркүндөтүүгө багытталган бир катар демилгелерди сунушташты.
Жыйындын жыйынтыгында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдү берүүгө багытталган конкреттүү чечимдер кабыл алынды. Ошондой эле кийинки жыйындын иш планы бекитилип, анда Кеңештин мындан аркы ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары аныкталган.

Связанный пост