Министрлер Кабинетинде кыргыз-корея кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ли Вонджэ менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-корея кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлорду талкуулашты.
МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Элчиге Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына техникалык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Өз кезегинде Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи кызматташуунун бардык артыкчылыктуу багыттары боюнча долбоорлорду колдоого даяр экенин айтты.
Соңунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына техникалык жардам көрсөтүү Актысына кол коюу аземи болуп өттү.