Министр: Энергетикадагы өзгөчө кырдаал режими 70 пайыз өз натыйжасын берди

 Министр: Энергетикадагы өзгөчө кырдаал режими 70 пайыз өз натыйжасын берди

Кыргызстанда энергетика тармагына киргизилген өзгөчө кырдаал режими электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүү жана ыкчам чечимдерди кабыл алуу максатын көздөйт. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков Кабар агенттигине билдирди.

Анын айтымында, аталган режимдин алкагында ГЭСтерди куруу менен катар күн жана шамал энергиясын өндүрүүчү станцияларды ишке ашыруу боюнча иштер активдүү жүрүүдө. Ошондой эле бул чечим энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруудагы бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтып, процесстерди тездетүүгө мүмкүнчүлүк берген.

Министр белгилегендей, өзгөчө кырдаал режими энергетика тармагындагы жетекчилерге кеңири ыйгарым укуктарды да берген. Тактап айтканда, аймактардагы долбоорлорго тоскоолдук жараткан жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн зарыл болсо кызматтан алууга чейин укук берилген.

“Бул чоң чечим болду. Президент тарабынан бардык шарттар түзүлүп, энергетика тармагын алдыга жылдыруу боюнча так талаптар коюлду. Ачык айтыш керек, бирок жеткиликтүү деңгээлде генерацияны кууп жете албай калдык. Күн нуру жана башка долбоорлор боюнча инвесторлор менен көп жумуштар жасалып жатты. Жалпы жыйынтыкты алганда, максаттардын 60–70 пайызы ишке ашты деп айтууга болот. Эгер 100 пайызга жеткенде, бүгүн энергетика тармагында бир да көйгөйлөр болмок эмес”, — деди Рысбеков.

Ал ошондой эле электр энергиясын керектөө өсүп жаткан шартта кыска мөөнөттө, 3 жыл ичинде жаңы генерациялык кубаттуулуктарды толук ишке киргизүү жана ири ГЭСтерди куруу объективдүү түрдө татаал маселе экендигин кошумчалады.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын энергетика тармагында 2023-жылдын 1-августунан 2026-жылдын 31-декабрына чейин өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Связанный пост