МБК контрабандалык автотетиктерин ташып келүү фактысын аныктады, келтирилген зыяндын суммасы 200 миң сомдон ашкан

«Түндүк-Чыгыш» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан мурда колдонулган ассортименттеги автотетиктердин декларацияланбагандыгы фактысы аныкталды.
Товар Литва Республикасынан автотранспорттун жүк бөлүгүндө келген. Унаага карата бажы операциялары жүргүзүлгөн. Бирок, автоунаалардын тетиктери бажы органына өз убагында көрсөтүлбөй, тиешелүү бажы төлөмдөрү төлөнбөй келген.
Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 207 миң 928 сомду түзгөн.
Факты КБР МКЖ АДСке катталып, материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Связанный пост