МБК бажы төлөмдөрү боюнча жылдык планды аткарды

 МБК бажы төлөмдөрү боюнча жылдык планды аткарды

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы ушул жылдын 15-ноябрына карата бажы төлөмдөрү боюнча 2023-жылга коюлган пландын аткарылышын камсыздады.

 

Бажы кызматы үчүн 2023-жылга кирешелер болжолу 94 635,9 млн сом суммада белгиленген. Бүгүнкү күнгө карата бул план толук көлөмдө аткарылды.

 

2022-жылдын 12 айына салыштырмалуу бажы кызматы үстүбүздөгү жылдын 15-ноябрына карата бажы төлөмдөрүн 20 млрд. сомго көп жыйнады.

 

Бажы төлөмдөрүнүн мындай көрсөткүчү бажы кызматынын тарыхында алгачкы жолу болду.

 

Мындай натыйжаларга жетүү үчүн бажы кызматы тарабынан бизнес процесстерди жөнөкөйлөтүү жана тездетүү, өткөрүү пункттарында өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, санариптик чечимдерди жайылтуу, контрабандага каршы күрөшүүнү күчөтүү, ошондой эле коррупциялык схемаларды жок кылуу боюнча комплекстүү иштер өткөрүлдү.

Связанный пост