МБК бажы мыйзамдары чөйрөсүндө 5400дөн ашык мыйзам бузууларды жана кылмыштарды аныктады
2024-жылдын 17-октябрында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук аппаратынын имаратында бажы кызматынын башчысы С.С.Исабековдун төрагалыгы алдында МБКнын 2024-жылдын 9 айындагы укук коргоо органдарынын ишинин жыйынтыгы боюнча ыкчам кеңешме болуп өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө, 2024-жылдын 9 айында бажы кызматынын контрабандага каршы күрөшүү бөлүмдөрү тарабынан бажы мыйзамдары жаатындагы 5438 укук бузуулар жана кылмыштар аныкталган, алар боюнча:
– 5059 кылмыш иши ачылган, алардын кароосунун жыйынтыгы боюнча:
– 40 241 000 сом айып өндүрүлгөн;
– Укук бузууларга бөгөт коюу жана алдын алуу иш-чаралардын алкагында 355 910 553 сом бажы төлөмдөрү төлөндү.
2) Бажы кылмыштарынын фактылары боюнча 379 материал тергөөнүн караштуулугу боюнча өткөрүлүп, алар боюнча 282 698 140 сом зыяндын орду толтурулган.
2024-жылдын 9 айында Кыргыз Республикасынын бюджетине кошумча кирешелердин көлөмү 678,8 млн сомду түздү.
Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү маселесине келсек, 2024-жылдын 9 айында бажы кызматкерлери КР укук коргоо органдары менен биргеликте баңги кылмыштарынын 38 фактысын аныкталганы айтылды.
Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 22 кг 399 грамм «марихуана», 39 кг 980 грамм «гашиш», 2 кг 354 грамм «апийим» алынган. Мындан тышкары, психотроптук заттар, прекурсорлор, зыяндуу калдыктар аныкталып, алынды.
Ыкчам кеңешменин жыйынтыгы менен Бажы кызматынын төрагасы С.С.Исабеков бүгүнкү күндө 2024-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча бажы кызматынын укук коргоо бөлүмдөрүнүн иши оң деп табылып, контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү боюнча натыйжалуу иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Ошону менен бирге, Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы бажы органдарында мыйзам бузууларды жана кылмыштарды аныктоо, товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз алып кирүү жана алып чыгууга бөгөт коюу максатында тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары менен профилактикалык иштерди жүргүзүү, ошондой эле бажы органдарындагы иштерди күчөтүүнү талап кылды.