Массалык баш аламандык уюштурууга чакырган “Фейсбук” социалдык тармагынын колдонуучусу кармалды
КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык баш аламандык”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө массалык баш аламандыкка жана бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө чакырыктарды такай жарыялап турган “Фейсбук” социалдык тармагындагы “Адис Жумгалов” аккаунтунун колдонуучусу – 1980-жылы туулган КР жараны М.А.Р. аныкталып, кармалды
Өз аракети үчүн жоопкерчиликтен кутулуу үчүн колдонуучу М.А.Р. купуялык орнотуп алган, б.а. “Фейсбук” социалдык тармагындагы фейк аккаунтун колдонгон.
Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө М.А.Р.нын жашаган жеринде 4 даана мобилдик уюлдары, 1 даана персоналдык компьютер, 2 даана ок атуучу куралдар жана ага ок-дарылар, ошондой эле кылмыш иши үчүн мааниси бар башка буюм далилдери табылып алынды.
Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.