«Манас» бажысы 2 тоннадан ашык контрабандалык жол менен ташылып келинген тамекини тапты
«Манас» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ЕАЭБ жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууларды аныктоого жана бөгөт коюга багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө, Кыргыз Республикасында ЕАЭБ аймагына кирген товарларга бажы контролун жүргүзүүнүн алкагында А.Т.Т.” ЖЧКсы тарабынан Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын бузуунун белгилери аныкталган.
Армения Республикасынан Кыргыз Республикасынын аймагына Түркия Республикасы аркылуу транзиттик жол менен «А.Т.Т.» ЖЧКнын дарегине, жалпы салмагы 2399 кг, 850 000 даана тамеки келген.
Белгиленген факт боюнча мамлекеттик бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон салыктын суммасы 2 890 000 сомду түзгөн. Ошондой эле, «А.Т.Т.» ЖЧКсы акциздик маркаларды алуу үчүн салык органына кайрылбаганы аныкталды.
Факт КБР МКЖ АДСке катталып, материалдар КР мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алуу үчүн КР Башкы прокуратурасына жөнөтүлгөн.