Мамлекеттик кызматкерлеринин арасында санариптик көндүмдөрдү өркүндөтүү боюнча окуу программасы башталды

 Мамлекеттик кызматкерлеринин арасында санариптик көндүмдөрдү өркүндөтүү боюнча окуу программасы башталды

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги Борбордук Азия университети менен биргеликте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлеринин арасында санариптик көндүмдөрдү жогорулатуу боюнча окуу программасын ишке киргизүүдө. Бул тууралуу КРнын Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Алгачкы төрт топ Бишкек жана Нарын шаарларында 2023-жылдын 17-апрелинде окуп башташты. Тренинг гибриддик режимде өтүп, ага Бишкек шаарынан, Чүй, Нарын, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынан 1500 адис катышат.

Окуу программасы: Microsoft Office, маалыматтарды талдоо, санариптештирүү принциптери, IT долбоорлорду башкаруу, киберкоопсуздук, маалыматтардын купуялыгы жана жасалма интеллект боюнча темаларды камтыйт.

БАУнун үч мектеби, Жогорку өнүгүү мектеби, Кесиптик жана үзгүлтүксүз билим берүү мектеби жана Гуманитардык жана так илимдер мектеби санариптештирүү принциптерин жана санариптик маданиятты өнүктүрүүнү алдыга жылдырууда кызматташат.

Мамлекеттик кызматкерлердин санариптик компетенцияларын жогорулатууга багытталган иш чара «Digital CASA – Кыргыз Республикасы» долбоорунун алкагында демилгеленип, мамлекеттик башкаруунун эффективдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн санариптик технологияларды колдонууга көмөктөшөт.

Связанный пост