Мамлекеттик бажы кызматында ЕАЭБ алкагында бажы кызматташтыгы маселелери талкууланды

 Мамлекеттик бажы кызматында ЕАЭБ алкагында бажы кызматташтыгы маселелери талкууланды
2025-жылдын 17-январында Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук аппаратында МБКнын төрагасынын милдетин убактылуу аткаруучу У.А. Кимсанов менен Евразия экономикалык комиссиясынын Бажы кызматташтыгы боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Р. В. Давыдовдун жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууда бажы кызматташтыгы жаатындагы негизги маселелер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ экономикалык жана соода процесстерине интеграциялануу механизмдери талкууланды.
Эл аралык соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана бажы операцияларынын ачыктыгын жогорулатуу үчүн заманбап технологияларды колдонууга өзгөчө көңүл бурулду. Бажы кызматы тарабынан бажылык контролдоо процесстерин санариптештирүүгө жана оптималдаштырууга багытталган “Смарт-Бажы” долбоорунун презентациясы көрсөтүлдү. Руслан Валентинович Давыдов Кыргызстандын бажы процесстерин жөнөкөйлөтүүгө жана тездетүүгө өбөлгө түзгөн санариптик чечимдерди киргизүү боюнча демилгелерин жогору баалады.
Тараптар ошондой эле ЕАЭБде ташууларды көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө Макулдашууну ишке ашырууну жана бажы чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүнүн алкагында башка актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Связанный пост