Мамлекеттик бажы кызматы кызматтык иликтөө жүргүзүп, 21 кызматкер иштен бошотулду

 Мамлекеттик бажы кызматы кызматтык иликтөө жүргүзүп, 21 кызматкер иштен бошотулду

Мамлекеттик бажы кызматы кызматтык иликтөө жүргүздү. 21 кызматкер иштен бошотулду. Бул тууралуу МБКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамынын алкагында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иштердин артыкчылыктуулугу жана күчөтүлүшү бөлүгүндө көрсөтмөсүн аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан ички териштирүү жүргүзүлгөн.

Териштирүүнүн жыйынтыгы менен бажы органдарынын кызматкерлери тарабынан одоно тартип бузуу фактылары жана коррупциялык укук бузуу фактылары аныкталган.

«Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бажы кызматынын кадыр-баркын кетирүүчү кызматтык тартипти одоно бузгандыгына, ишеним жоготкондугуна байланыштуу 21 кызматкер (инспектордон жетекчиликке кызмат ордун ээлегендерге чейин) иштен бошотулган. 13 кызматкерге катуу тартиптик чара көрүлгөн.

Кызматтык териштирүүнүн материалдары укуктук баа берүү жана маңызы боюнча чара көрүү үчүн тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга өткөрүлүп берилди.

Связанный пост