Май майрамдарында Ала-Арча жаратылыш паркына автобус каттамы уюштурулат

1-майдан 11-майга чейин Бишкектен Ала-Арча жаратылыш паркына жарым-жартылай экспресс автобус каттамы уюштурулат.
Муниципалитеттен билдиришкендей, каттамдын акыркы аялдамалары Т.Усубалиев атындагы аянтта жана Ала-Арча жаратылыш паркында жайгашат.
Белгилей кетсек, жол кире накталай төлөөдө – 50 сом, накталай эмес төлөөдө – 40 сом болот. Автобустар саат 08:00дөн 19:00гө чейин каттайт, зарыл болгон учурда иш тартиби кайрадан каралып чыгат.
Каттамды газ менен жүргөн 12 метрлик заманбап ISUZU автобустары тейлейт.
Мындан тышкары, Ала-Арча жаратылыш паркынын ичинде акысыз негизде эки жаңы электробус каттайт.