Мүлктү бир жыл ичинде кайра сатууга салык салынат

 Мүлктү бир жыл ичинде кайра сатууга салык салынат

Буга чейин социалдык тармактарда мүлктү сатуудан түшкөн кирешеден 10% өлчөмүндө салык алуу маселеси активдүү талкууга түшкөн.

Ушуга байланыштуу, Мамлекеттик салык кызматы мүлктү сатып алгандан кийин бир жыл ичинде кайра сатуудагы салык салуу эрежелерин түшүндүрөт.

Салык мыйзамына ылайык, эгерде мүлк (батир, үй, унаа) 1 жылдан аз убакытка менчигинде болуп, аны кайра саткан учурда, андан алынган кирешеден киреше салыгын төлөө керек.

Бирок, эгерде менчигиндеги мүлк бир жылдан кийин сатылган болсо, анда ал мүлк канча суммага сатылганына карабастан, салык төлөө талап кылынбайт.

Мисалга алсак, А.А. аттуу жаран 3 млн сомго батир же унаа сатып алып, бир жылдын ичинде эле кайра 3,5 млн сомго сатты дейли. Бул учурда алынган киреше 500 миң сомду түздү жана бул суммадан 50 миң сом өлчөмүндөгү киреше салыгы төлөнүшү керек.

Мүлктү бир жылдын ичинде кайра сатуу боюнча салык милдеттенмеси жаңы ченем эмес экендигин баса белгилөө маанилүү. Ал Салык кодексинин мурунку редакцияларында да болгон, бирок 2022-жылга чейин ээлик кылуу мөөнөтү 2 жылды түзүп келген, ал эми азыр бул мөөнөт 1 жылга кыскарган.

Ошондой эле 2022-жылдан баштап жаңы ченем күчүнө кирген, анда киреше салыгы курулушка, жасалгалоого жана оңдоого кеткен чыгымдарды алып салгандан кийин эсептелет (чыгымдарды тастыктаган тиешелүү документтер болгон учурда).

Мүлктү кайра сатуудан киреше алган жарандар календардык жылдын жыйынтыгы боюнча салык декларациясын тапшырышы керек.

2022-жылдын ноябрь айынан тартып “Кадастр” жана “Унаа” мамлекеттик органдарынын маалымат базалары Салык кызматынын маалымат базасына интеграцияланган, бул мүлктү сатып алуу-сатуу боюнча бүтүмдөргө талдоо жүргүзүүгө жана салык мыйзамдарын сактабаган учурларды аныктоого мүмкүндүк берет.

Мүлктү сатып алуу-сатуу боюнча бүтүмдөрдүн натыйжасында алынган киреше жөнүндө маалымат алынгандан кийин жарандарга салыктарды төлөө зарылдыгы жөнүндө тиешелүү билдирүү жиберилет.

Белгилей кетсек, эгерде салык төлөөчү салык органынын чечими тапшырылган учурдан тартып 15 күндүн ичинде салык калдыгынын толук суммасын жана туумдун жарымын төлөсө, туумдун калган 50 %ын төлөөдөн бошотулуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Салык кызматы мүлктү өз баасынан жогору кайра саткан жана салык милдеттенмеси пайда болгон бардык жарандарды айып жана туумдарды төлөбөө үчүн салык мыйзамдарынын ченемдерин сактоого чакырат.

Связанный пост