Ленин районунда шайлоого карата даярдык текшерилди

Ленин районунда Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Азиз Садырбековдун төрагалыгы алдында  №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо үчүн шайлоо участкаларынын даярдыгы текшерилди.

Тактап айтканда, райондун шайлоо участкаларынын материалдык-техникалык камсыздалышы, коомдук тартипти жана АБСнын сакталышы (автоматташтырылган башкаруу системасы),  мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн  пандустар менен камсыздалышы текшерилди.

Шаардык жана райондук кызматтарга УШКларда материалдык-техникалык камсыздоо процессин тездетүү, участкалык шайлоо комиссияларын пандустар менен камсыз кылуу боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүү, ошондой эле шайлоого аралашпоосу тууралуу кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштерин туруктуу негизде жүргүзүү тапшырылды.

Белгилей кетсек, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майында өтөт.

Связанный пост