Сокулук районунун сот аткаруучусу мамлекетке 2,2 млн сом зыян келтирүүгө айыпталууда

 Сокулук районунун сот аткаруучусу мамлекетке 2,2 млн сом зыян келтирүүгө айыпталууда

Чүй областынын Сокулук районунун прокуратурасы тарабынан соттук чечимдердин аткарылышына карата текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүдө, Сокулук районунун сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн кызматкери Д.А. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өзүнө же башка адамдар үчүн пайда көрүү жана артыкчылык алуу максатында, карызкордун жана анын үй-бүлөсүнүн туруктуу жашаган жери бар экендигине карабастан, анын кыймылсыз мүлкүн конфискацияланууга жатпаган мүлктөрдүн тизмесине киргизгендиги аныкталган.

Мындан сырткары, сот аткаруучу карызкордон 2 млн 172 миң 777 сом өлчөмүндөгү зыянды кошумча айып катары эсептеп, аталган сумманы мамлекеттин пайдасына өндүрүп алуу жөнүндө аткаруу барагын аткаруусуз сотко кайтарып берген.

Натыйжада, мамлекеттин кызыкчылыктарына 2 млн 263 миң 827 сомду түзгөн ири өлчөмдө зыян келтирген.

Аталган факты боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Сокулук РИИБнүн тергөө кызматына тапшырылды.

Связанный пост