Кытай Кыргызстандын мамлекеттик кызматкерлерин окутууга квоталарды көбөйтүүдө

 Кытай Кыргызстандын мамлекеттик кызматкерлерин окутууга квоталарды көбөйтүүдө

Кытай Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерин окутууга квоталарды көбөйтүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Кудайберген Базарбаевдин Кытай Эл аралык борборунун делегациясы менен жолугушуусунда белгилүү болду.

 

Агенттиктен маалымдашкандай, жолугушууда Базарбаев агенттиктин негизги ишмердүүлүгү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун потенциалын жогорулатуу чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан саясат, ошондой эле өлкөдө жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформа жөнүндө айтып берди.

 

Кытайда кызматчыларды окутуу жана тажрыйба алмашуу аркылуу окутуунун, квалификациясын жогорулатуунун жана заманбап технологияларды колдонуу менен анын ар кандай чөйрөлөрүндө натыйжалуу мамлекеттик башкаруу үчүн зарыл болгон, заманбап көндүмдөрдү өздөштүрүүнүн эсебинен кызматчылардын потенциалын жогорулатуу боюнча маселелер кененирээк козголду.

Жолугушуу учурунда өзгөчө көңүл Кытайдын мыкты окутуу жана квалификацияны жогорулатуу борборлорунда Кыргызстандын кызматкерлери үчүн кыска мөөнөттүү курстарды көбөйтүү боюнча маселелерди талкуулоого бурулду. 10 жылдык мезгилдин ичинде кытай тарап Кыргызстандын 2 миңден ашык кызматкерин гранттык негизде окутууга кабыл алган.

 

Базарбаев кытай тарапка кадрларды окутуу тармагындагы жемиштүү кызматташтыгы жана өз ара аракеттешүүсү үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирүү менен Кыргызстандын кызматкерлери үчүн жыл сайын берилүүчү квотанын көбөйүшүн жогору баалады. Аталган көрсөткүч быйылкы жылы 300дөн ашык орунга жогорулатылды. Кошумчалай кетсек, мындан 10 жыл мурда жылдык квотанын көлөмү 30-50 орун болчу.

 

Өз кезегинде, Кытай Эл аралык борборунун директорунун орун басары Эй Иньфан айым агенттиктин директоруна жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, жогорудагы маселелердин алкагында тыгыз жана жемиштүү кызматташууну каалады.

 

Жыйынтыгында тараптар КР мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери үчүн тыгыз кызматташуу жана окутуунун актуалдуу тематикаларын андан ары жогорулатуу боюнча маселени кароону макулдашышты.

Связанный пост