Кыргызстанга коңшу өлкөдөн 40 миң даана жумуртканы мыйзамсыз алып кирүү аракети токтотулду

Кыргызстанга Өзбекстандан 40 миң даана жумуртканы мыйзамсыз алып кирүү аракети токтотулду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, күн мурун Баткен облусунда өлкө аймагына Өзбекстандан мыйзамсыз кирген 39 миң 990 даана тоок жумурткасы аныкталган. Аймактагы ветеринардык инспекторлор тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн учурда тоок жумурткасынын эч кандай ветеринардык коштоочу документтери жок экендиги, Кыргызстандын жана ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптарын бузуу менен алып келингени такталган.

 

Мыйзамсыз кирген тоок жумурткасына ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлөт.

Связанный пост