Кыргызстандын жаңы паспортторунун бет ачары өттү
Бүгүндөн тарта Кыргызстанда 2025-жылкы үлгүдөгү жаңы биометрикалык жалпы жарандык паспорттор бериле баштайт. Документтин сырткы көрүнүшү жана коопсуздук деңгээли толугу менен жаңыланган, улуттук символиканы чагылдырат жана Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) эл аралык талаптарына жооп берет.
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен “Учкун” ААКтын инфраструктурасы толугу менен модернизацияланган. Ишкананын техникалык жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилип, заманбап жабдуулар орнотулган. 2024-жылдын май айынан бери биометрикалык документтер, жалпы жарандык паспорттор жана ички ID-карталар өлкө ичинде даярдалууда.
Документтерди сапаттуу жана өз убагында даярдоо мамлекеттик коопсуздукту жана өлкөнүн санариптик өнүгүүсүн камсыздоонун эң маанилүү элементи болуп саналат.
2025-жылкы жаңы үлгүдөгү паспортко өтүүнүн негизги себептери:
- Кыргызстандын иамлекеттик туусунун өзгөрүшүнө байланыштуу мамлекеттик символдордун жаңыланышы;
- документтерди толук циклде даярдоону “Учкун” ААКтын кубаттуулугуна которуу менен улуттук өндүрүштү өнүктүрүү;
- жаңы технологияларды жана аймактагы коопсуздуктун эн жогорку денгээлин камсыз кылган уникалдуу коргоочу чечимдерди киргизүү.
Жаңы паспорттун коопсуздук элементтери
Жаңы үлгүдөгү паспорттор төмөнкүлөрдү камтыйт:
- 1-2-деңгээлдеги 30дан ашык коргоочу элементтер жана 3-деңгээлдеги бир катар элементтер;
- инновациялык голограммалар жана кинеграммалар;
- УФ-басма жана криптографиялык чип;
- жеке маалыматтарды лазердик гравюра менен чегүү;
- маалымат бетинде эки тунук терезе, анын ичинде кыргыз оюму түрүндөгү терезе;
- уникалдуу визуалдык-өзгөрмөлүү сүрөттөр.
Ар бир виза барагы Кыргызстандын бардык аймактарынын объекттерин жана жерлерин, ошондой эле тарыхый-маданий символдорду, Манастын образын, “Ынтымак Ордо” резиденциясын, Хан-Теңири чокусун жана башкаларды чагылдырат. Булардын бардыгы коргоо элементтери болуп саналат.
Паспорттун тышкы мукабасы да жаңыланган: анын борбордук жеринде Кыргызстандын Мамлекеттик герби жайгашкан.
Жаңы паспортко өтүү шарттары
Кошумчалай кетсек, паспортту алмаштыруу жарандын каалоосу боюнча, документтин мөөнөтү бүткөндө же учурдагы документтеги виза барактары бүткөндө гана мүмкүн болот.
Жаңы үлгүгө өтүү төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
- мамлекеттик чек арадан өткөн жарандарды эсепке алууну жакшыртуу;
- трансчекаралык кылмыштуулукка жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу;
- документтерди жасалмалоодон жана мыйзамсыз колдонуудан коргоону күчөтүү;
- өткөрүү пункттарында миграциялык көзөмөлдүн сапатын жогорулатуу.