Кыргызстандын футболчулары Вьетнамга утулуп калды
9-январда Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курама командасы Вьетнамга жеңилип, мелдеш 1:2 эсеби менен жыйынтыкталды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Оюндун биринчи бөлүгүндө биринчи голду атаандаштар киргизип, андан кийин кыргызстандык Марлен Мурзахматов эсепти теңеген. Оюндун экинчи бөлүгүндө вьетнамдык футболчулар дагы бир гол киргизүүгө жетишти.
Беттеш Сауд Арабиянын Жидда шаарындагы “Кинг Абдулла Спорт Сити” стадионунда өттү.
Кыргызстандын олимпиадалык курама командасынын башкы машыктыруучусу Эдмар Ласерда Вьетнам менен болгон оюндан кийин комментарий берип, машыктыруучу катары жеңилүүнүн себептерин биринчи кезекте өзүнөн издей турганын билдирди.
Анын айтымында, беттеште бардык оюнчулар жеңишке жетүүнү каалап, аракет кылышкан.
“Машыктыруучу катары жеңилүүнүн себептерин биринчи кезекте өзүмдөн издейм. Ар бир адам да ушундай кылышы керек – кайсы жерде жетишпей чуркады, кайсы жерде толук иштей алган жок, бул суроону өзүнө бериши зарыл. Бардык оюнчулар жеңишке жетүүнү каалап, аракет кылышты, бирок бизге жалгыз гана жеңиш керек болчу.
Катары менен эки жолу утулуу – бул биз күткөн жыйынтык эмес. Квалификацияны биз таптакыр башкача өткөргөнбүз, бирок бул жерде керектүү деңгээлди көрсөтө албай, жеңишке жете алган жокпуз.
Эми бизге оюнду улантуу гана калды. Бул Кыргызстандын курама командасы, ошондуктан акыркы беттешти финалдай өткөрүүгө милдеттүүбүз. Биз өлкөнүн атынан чыгып жатабыз жана оюнчулар муну абдан жакшы түшүнүшөт”, – деди ал.
Эскерте кетсек, Жиддада U-23 категориясындагы Азия кубогу үчүн тайпадагы беттештер өтүүдө. 6-январда Кыргызстан Сауд Арабиянын футболчулары менен ойноп, 0:1 эсебинде утулуп калган. Эми 12-январда Иордания командасы менен беттеш күтүп турат.