Кыргызстандын бюджети 71 млрд сомдон ашык профицит менен аткарылды

 Кыргызстандын бюджети 71 млрд сомдон ашык профицит менен аткарылды

2025-жылдын январь-май айларында Кыргызстандын мамлекеттик бюджети 71,3 млрд сомдон ашык профицит менен аткарылды, бул ИДПга карата 12,4 пайызды түзөт.

Мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү (финансылык эмес активдерди сатуудан түшкөн каражаттарды кошкондо) 261,2 млрд сомду түздү, бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 91 млрд сомго, же 1,5 эсеге көп. ИДПга карата кирешелердин үлүшү 45,6 пайызга жетти.

Бюджеттин негизги бөлүгүн салыктык түшүүлөр – 166,6 млрд сомду түздү, бул өткөн жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 32,9 млрд сомго (же 24,6 пайызга) көп.

Анын ичинен:

  • 68,2 пайызы же 113,6 млрд сом ички салыктардын эсебинен түштү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 35,1 пайызга көп;
  • 31,8 пайыз, же 53 млрд сом тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн эсебинен түштү, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,9 пайызга ашык.

Связанный пост