Кыргызстандын айыл чарба продукциясынын экспортунун географиясы кеңейүүдө

 Кыргызстандын айыл чарба продукциясынын экспортунун географиясы кеңейүүдө

2025-жылы Кыргызстандын негизги жетишкендиктеринин бири катары экспорттук мүмкүнчүлүктөрдүн кеңейиши болду.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, өлкөдө өндүрүлгөн айыл чарба жана кайра иштетилген продукциялар дүйнөлүк рынокторго чыгып, экспорттун географиясы улам кеңейүүдө.

Кытайга экспорт активдүү өнүгүп жатат. Бүгүнкү күндө жүн, кашемир, фасоль, тоок эти жана тооктун субпродуктылары боюнча 8 протокол, термикалык иштетилген эт жана тери боюнча 3 протокол макулдашылды.

Кургатылган жер-жемиштердин экспорту башталып, алгачкы 23 тонна кургатылган өрүк Кытай рыногуна ийгиликтүү жөнөтүлдү. Мындан тышкары, вино, өсүмдүк майы жана жашылчаларды экспорттоо боюнча даярдык иштери жүрүп жатат.

Европа Биримдигине бал экспорттоого уруксат алуу процесси уланууда. Ал эми Улуу Британияга буга чейин 298 кг бал экспорттолуп, кыргыз балы эл аралык рынокто өз ордун таба баштады.

Сауд Аравиясына 144 жылкынын экспорттолушу мал чарбачылык тармагындагы потенциалдын жогору экенин дагы бир жолу далилдеди.

Ошол эле учурда кургатылган жер-жемиштер, бал жана башка кайра иштетилген продукцияларды Wildberries маркетплейси аркылуу сатуу кеңейип, санариптик экспорт 2025-жылдын маанилүү багыттарынын бирине айланууда.

Экспорттук жетишкендиктер ички өндүрүштү колдоого, ишкерлер үчүн жаңы рынокторду ачууга жана өлкөнүн экономикалык өсүшүн камсыздоого өбөлгө түзүүдө.

Связанный пост