Кыргызстандыктардын акчалай кирешелери 21,5% көбөйдү
Кыргызстандын калкынын номиналдык акчалай кирешелери 2024-жылдын I кварталында 218,9 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 21,5 пайызга көбөйдү.
Улуттук статистикалык комитеттен билдиришкендей, 2024-жылдын I кварталында керектөө бааларынын индексин эсепке алуу менен эсептелген калктын реалдуу акчалай кирешелеринин көлөмү 207,7 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 15,3 пайызга көбөйдү.
Милдеттүү төлөмдөрдү жана төгүмдөрдү чыгаруу менен кирешелерди мүнөздөгөн калктын жан башына алгандагы колдо болгон акчалай кирешелери 2024-жылдын I кварталында айына 10 790,7 сомду түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 19,6 пайызга өстү.