Кыргызстандан тамекини экспорттоо жылдан жылга өсүүдө

 Кыргызстандан тамекини экспорттоо жылдан жылга өсүүдө

Кыргызстандан тамекини экспорттоо жылдан жылга өсүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары айыл чарба жана кайра иштетуү өнөр жай министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, “30+20+10” долбоорунун алкагында Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин адистери тамеки өстүргөн дыйкандар менен талаа жолугушуусун өткөрүштү.

Анда негизги көйгөйлөр – жер маселеси, экспортко чыгуучу сорттор, жаңы технологиялар жана өндүрүштүн эффективдүүлүгү боюнча пикир алмашуу болду.

Анализ үчүн топурак үлгүлөрү алынып, сапаттуу өстүрүү боюнча сунуштар даярдалууда.

2024-жылдагы экспорт:

  • 99,2 тонна тамеки — Греция;
  • 60,3 тонна — Вьетнам;
  • 477 тонна калдыктар — Россия.

2025-жылдын 9 айы боюнча:

  • 288 тонна — Греция;
  • 187 тонна калдыктар — Россия;
  • 18 тонна — Казакстан.

Экспорт багыттары кеңейип, ар бир дыйкандын салымы өлкөнүн агрардык келечегин жакындатууда.

Связанный пост