Кыргызстандан кагаз калдыктарын сыртка ташууга тыюу салынды
Министрлер кабинети регенерациялануучу кагазды жана картонду (макулатура жана калдыктар) Кыргызстандан ташып чыгууга убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө токтом кабыл алды.
Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Документке ылайык, ЕАЭБ ТЭИ ТН 4707 коду менен классификациялануучу регенерациялануучу кагазды жана картонду (макулатура жана калдыктар) Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга (транзитти, ошондой эле министрлер кабинети тарабынан берилүүчү гуманитардык жардамды кошпогондо) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленди.
Тийиштүү мамлекеттик органдарга белгиленген тартипте кабыл алынган токтомду аткаруу боюнча тапшырмалар коюлду.