Кыргызстандан 229 абитуриент Сибирдеги жогорку окуу жайларга тапшырды

 Кыргызстандан 229 абитуриент Сибирдеги жогорку окуу жайларга тапшырды

Кыргыз Республикасынан 229 абитуриент 2023-2024-окуу жылында Горно-Алтайск, Омск жана Томск шаарларындагы жогорку окуу жайларга тапшырышты, алардын 203ү бюджеттик негиздеги окууга өткөн.

Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Омск шаарындагы Ардактуу консулу Н.Исабек уулунун көмөгү менен 3-7-июлда Кыргызстанда жогорудагы окуу жайлардын документтерди кабыл алуу жана сынактарды өткөрүү боюнча көчмө кабыл алуу комиссияларынын иши уюштурулган.

Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу жана Нурсултан Исабек уулу Кыргызстандын мектептеринде Омск жана Томск университеттеринин кесипке багыт берүү иштерин жайылтууга көмөк берүүсүн улантууда.

Связанный пост