Кыргызстандагы этникалык немецтерди колдоо аракети улантылат
Бишкекте Кыргызстанда жашаган немец улутундагы жарандардын иштери боюнча кыргыз-герман өкмөттөр аралык комиссиясынын 17-жыйыны өттү. Бул тууралуу ТИМден билдирди.
Жыйынга министрдин орун басары Медер Абакиров жана Германиянын өкмөттүк өкүлү Бернд Фабрициус теңтөрагалык кылышты.
Жыйында Кыргызстандагы немец коомчулугу эки элдин ортосундагы “достук көпүрөсү” катары бааланды. Этникалык немецтердин тилин, маданиятын жана улуттук өзгөчөлүгүн сактоо боюнча долбоорлор улантылары айтылды.
Ошондой эле мектептерде жана ЖОЖдордо немец тилин окутууну кеңейтүү, DAAD жана Гёте-институту аркылуу академиялык алмашууларды өнүктүрүү макулдашылып, жаш ишкерлердин демилгелерине жана кыргыз-немец ишкерлер клубунун ишине көмөк көрсөтүү чечими кабыл алынды.
Иш-чаранын соңунда тараптар келечектеги кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын бекемдеген биргелешкен коммюникеге кол коюшту.