Кыргызстандагы 45 мал базардын ичинен 25 гана белгиленген ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берет

 Кыргызстандагы 45 мал базардын ичинен 25 гана белгиленген ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берет

Бүгүнкү күндө республика боюнча 45 мал базар ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет, анын ичинен 25 мал базар гана белгиленген ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берет. Облустар боюнча алып караганда:

✅Баткен облусунда 8 базардын ичинен 6 мал базар ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берет;

✅Жалал-Абад облусундагы 11 мал базардын ичинен 4 мал базар ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берет;

✅Ош облусундагы 9 мал базар толугу менен ветеринардык-санитардык стандарттарга жооп берет;

✅Чүй облусунда 8 мал базар толугу менен ветеринардык-санитардык стандарттарга жооп бербейт.

✅Нарын облусунда 4 базардын ичинен 2 мал базар ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берет;

✅Ысык-Көл облусунда 2 мал базардын ичинен 1 мал базар ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берет;

✅Талас облусундагы 3 мал базары ветеринардык жана санитардык талаптарга толук жооп берет.

2023-жылдын 9 айында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-июнундагы № 377 токтомунда көрсөтүлгөн ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербегендиги үчүн 14 мал базарга жалпы суммасы 122 миң сом айып салынган.

Связанный пост