Кыргызстандагы 40 мектепте окуучулардын тамак-ашы, суу жана санитарияга жеткиликтүүлүгү жакшыртылат
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинде «Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү продукциянын негизинде мектептик тамактандыруу программасы аркылуу жалпы билим берүү уюмдарында ден соолукту жана тамактанууну чыңдоо үчүн туруктуу чөйрөнү түзүү» долбоорун ишке ашыруу боюнча расмий документке кол коюу аземи болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова, санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Лира Самыкбаева, Кыргыз Республикасындагы Корея Республикасынын Өзгөчө жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ким Кванджэ, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы KOICA өкүлчүлүгүнүн башчысы Лим Со Йон катышышты.
Иш-чарада сөз сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Корея Республикасына көп жылдык кызматташуусу жана көрсөткөн колдоосу үчүн терең ыраазычылыгын билдирди:
«Биринчи кезекте мектеп ашканаларын жакшыртуу, балдарды витаминдерге бай азыктар менен камсыз кылуу, ошондой эле эл арасында пайдалуу жана ден соолукка зыянсыз тамактарды даярдоо жана колдонуу маданиятын жайылтуу — бул биздин элибиздин ден соолугуна кам көрүү болуп эсептелет. Биз Корея Республикасына көрсөткөн колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдиребиз жана кызматташтыгыбыз мындан ары да тыгыз өнүгөрүнө ишенебиз», — деди министр.
Өз кезегинде Кыргыз Республикасындагы Корея Республикасынын Өзгөчө жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ким Кванджэ бүгүнкү кол коюу аземинин маанилүүлүгүн белгилеп, кызматташтыктын маанисине токтолду:
«Бүгүн кол коюлган протокол биздин жалпы максатыбызды жана бирдиктүү көз карашыбызды чагылдырган символдук окуя болуп саналат. Бул долбоорду ишке ашырууга эмгек жана күч-аракетин жумшаган бардык тараптарга терең ыраазычылык билдирем. Ишенем, бул долбоор мындан ары да ийгиликтүү ишке ашып, биздин кызматташтыгыбызды дагы да чыңдайт», — деди элчи.
Кыргыз Республикасындагы KOICA өкүлчүлүгүнүн башчысы Лим Со Йон долбоор тууралуу маалымат берип, ал 2025–2028-жылдар аралыгында ишке ашырыларын белгиледи. Анын айтымында, долбоор мектептик тамактандыруу шарттарын жакшыртууга, санитардык шарттарды бекемдөөгө, жергиликтүү фермердик кооперативдерди колдоого жана туруктуу азык-түлүк менен камсыз кылуу системасын түзүүгө багытталган.
Долбоордун негизги максаты — билим берүүдөгү тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу. Окуучулардын тамактануусун жакшыртуу жана мектеп ашканаларын модернизациялоо, гигиена жана санитарияны өркүндөтүү, фермерлердин кирешесин жогорулатуу жана аларды туруктуу азык-түлүк жеткирүү чынжырына интеграциялоо, окуучулардын туура жана пайдалуу тамактануусун камсыз кылуу үчүн билим берүүчү иш-чараларды өткөрүү жана ден соолук, билим берүү жана тамактануу маданиятын өркүндөтүүгө багытталган коммуникацияны колдоо.