Кыргызстанда жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча 197 агенттик бар

 Кыргызстанда жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча 197 агенттик бар

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргызстанда чет өлкөдө жумушка орноштуруу боюнча канча агенттик иштей турганын айтып берди.

Жарандарды ишке орноштуруу жана мигранттардын укуктарын коргоо башкармалыгынын башчысы Арслан Байсопуевдин айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 197 агенттик ишмердүүлүк жүргүзүп келет.

“Тилекке каршы азыркы учурда онлайн иштеген чет элдик агенттиктер абдан көп. Андан тышкары, бизден уруксат кагаз албай мыйзамсыз иштегендер дагы бар. Бүгүнкү күндө карапайым жарандарды ар кандай жолдор менен алдаган шылуундар көбөйдү”, – деди ал.

Связанный пост