Кыргызстанда ун тартыштыгы жок

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ун рыногундагы кырдаалды турукташтыруу боюнча тапшырмасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Ун комбинаттары ассоциациясы тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирдикте, ун тегирмендердин баасында сатуу боюнча бүгүн, 20-сентябрда Бишкек шаарында атайын жарманкелер иштеп баштады.

Жарманкеде 1-сорттогу ундун 1 кг баасы 30 сомдон ашпайт.

 

Бишкек шаарындагы ун сатылуучу жарманкенин даректери:

– “Дордой моторс” базары

– “Ош” базары

– “Аламедин” базары болжол “Табылга” соода борборунун аялдамасы

– “Ортосай” базары болжол “Оберон” бөлүмүнүн кире бериши

– “Дордой фут” базары

 

Бишкек шаарындагы ун жарманкесинде ата мекендик ундардын баалары:

 

– Жогорку сорт 1860 сом

– 1 сорт 1500 сом

– 2-сорт 1125 сом

 

Экономика жана коммерция министрлиги ундун баасын бир кап үчүн 1500 сом деп бекитти.

 

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Республика боюнча социалдык маанидеги азык-түлүктөрдүн бааларына апта сайын талдоо-мониторинг жүргүзөт. Анын ичинде 1-2 сорттогу ун бааларынын облусттардагы орточо баалары төмөндөгүдөй:

 

Ош шаарында:

-1сорт 50кг 1700-1900 сом

– 2-сорт 50кг 1400-1700 сом

 

Ош облусу боюнча:

– 1 сорт 1650-1900 сом

– 2-сорт 1500 сом

 

Баткенде:

– 1 сорт 50 кг 1700-1900 сом,

– 2 сорт 50 кг 1400-1700 сом

 

Нарында:

– 1-сорт 1700-2100 сом

– 2-сорт 1400-1700 сом

 

Жалал-Абад шаарында:

– 1-сорт 1500-1750 сом

– 2- сорт 1100-1350 сом

 

Каракол шаарында:

– 1-сорт 45 кг 1400-1450 сом

– 2-сорт 45 кг 1100-1200 сом

 

Таласта:

– 1-сорт 1725-1750 сом

– 2-сорт 1375 сом

 

Кыргызстандын ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын жетекчиси Рустам Жунушев учурда Ата мекендик ундун 1 мешогу 1400-1500 сомдон сатылып жатканын, баасы көтөрүлбөгөнүн билдирди.

Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын Республика боюнча 30 фабрикасы бар. Казак уну кымбаттаганына байланыштуу керектөөчүлөр ата мекендик ундун сортторун көбүрөөк сатып ала башташкан. Анткени ички рыноктун 50% Казакстандын уну түзгөн. Учурда өндүрүштүк кубаттуулукту жогорулатууга бир топ иш-аракеттер жүрүп жатканы маалым болду.

Связанный пост