Кыргызстанда таксилер 2-февралдан тарта текшерилет
Кыргызстанда такси лицензиясын текшерип, рейд жүргүзүү 2-февралдан тартып башталат. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан (ЖКККББ) билдиришти.
Анда белгиленгендей, таксилерге лицензия берүүнүн мөөнөтү 2026-жылдын 1-февралына чейин узартылгандыктан, айдоочулар бул убакытка чейин лицензия алышы керек.
“Лицензия алуунун мөөнөтү жакын калган күндү күтпөстөн эле алып алыңыз. 2-февралдан тартып рейд жүргүзүлөт. Учурда кезек жок, кызмат тез жана ыңгайлуу көрсөтүлүүдө. Такси кызматына лицензияларды берүү өлкө аймагындагы ЖКККБнын бардык бөлүмдөрүндө жүрүп жатат. Бирок, тажрыйба көрсөткөндөй — мөөнөт аяктоого жакын калганда элдин саны кескин көбөйүп, узун кезек жана ыңгайсыздыктар жаралышы мүмкүн”, – деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда быйыл 22-августтан тартып такси кызматын көрсөткөн айдоочуларды лицензия алууга милдеттендирген жана оң рулдуу унаа менен жүргүнчү ташууга тыюу салган мыйзам күчүнө кирген.
- Жаңы талап боюнча, такси кызматында лицензиясы бар гана айдоочулар иштей алышат. Анын акысы: жеке жактарга жылына 500 сом, юридикалык жактарга 1000 сомду түзөт.
- Айдоочу тийиштүү лицензиясы жок ишкердик кылса 7,5 миң сом, юридикалык жактар 23 миң сом айып төлөйт.
Лицензия үч жылдан кем эмес айдоочулук тажрыйбасы бар, жылына медициналык текшерилүүдөн өткөн, унаасын да жылына техникалык кароодон өткөргөн, сот жоопкерчилигине тартылбаган айдоочуларга берилет.
Ошондой эле мыйзамда каралгандай, оң рулдуу унаалар такси кызматын көрсөтө алышпайт.