Кыргызстанда соңку 60 жылда орточо жылдык температура 1,2 градуска жогорулады
Кыргызстанда климаттын өзгөрүшү эми болжолдоо эмес, чыныгы реалдуулук болуп калды. Соңку 60 жылда өлкөдө орточо жылдык температура болжол менен 1,2 градуска жогорулады. Бул дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн эки эсе жогору болуп саналат. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде Экология жана климат саясаты боюнча башкы башкармалыктын жетектөөчү адиси Жибек Кадоева билдирди.
Кадоева белгилегендей, акыркы жылдар абдан жылуу болууда. “Биз муну сел, кирген суулардан, кургакчылыктан жана жер титирөөлөр сыяктуу экстремалдуу аба ырайынан байкап жатабыз”,-деп кошумчалады ал.
Анын айтымында, жыл сайын болжол менен 200 өзгөчө кырдаалдар жаралып, анын 90% климаттык факторлор менен байланыштуу болот.
“Бул экономикага, калктын коопсуздугуна жана айыл чарба жана суу ресурстары сыяктуу негизги тармактарга таасир этет. Биз бул маалыматтарды адатта Кыргызгидрометтен алып келебиз”,-деди Жибек Кадоева.