Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүүнү камтуу 44,3%га өстү

 Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүүнү камтуу 44,3%га өстү

2024-жыл өлкөдө мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатууда чоң жылыштардын жылы болду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.

Анын айтымында, жыл ичинде 302 кыска мөөнөттүү бала бакча ачылды. Ошондой эле “Өкмөттүк акселератордун” алкагында 257 үй-бүлөлүк бала бакчалар түзүлдү.

“Бала бакчалардагы уктоочу жайларды кайра форматтоого жана кошумча топторду түзүүгө 1,5 млрд сом бөлүнүп, китепканалардын базасында 50 эрте өнүктүрүү борборлору ачылды.

Мындан тышкары, бала бакчаларды курууга жана оңдоого 70 млн сомго чейин мамлекеттик жеңилдетилген насыялар бериле баштады”, – деген министр бала бакчаларды лицензиясыз ачуу укугу берилгенин кошумчалады.

Билим берүү министри алты жаштагы балдарды бардык жерде жана милдеттүү түрдө окутуу менен камтуу, көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабаттарында бала бакчаларды ачуу укугу жана башкалар өлкөдө мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатууга чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачканын белгиледи.

“Бул чаралардын бардыгы 1 жылдын ичинде мектепке чейинки билим берүүнү камтууну 28,3%дан 44,3%га чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк берди. Бул совет мезгилине караганда 150 миң балага көп”, – деди ал.

Ошондой эле Кендирбаеванын айтымында, камтуу 70%дан 100%га чейинки чет өлкөлөрдүн тажрыйбасын эске алуу менен 2025-жылы мектепке чейинки билим берүү менен камтууну улантуу жана төмөнкүдөй чаралардын эсебинен анын сапатын жакшыртуу зарыл:

  • дагы 100 кыска мөөнөттүү бала бакчанын ачылышы (2023-2024-жылдары 460 бала бакча ачылган);
  • балдарды камтууну көбөйтүү үчүн иштеп жаткан 570 бала бакчаны трансформациялоо (2024-жылы процесс 14 бала бакчада апробацияланган);
  • аймактарда “Өкмөттүк акселераторду” кеңейтүү;
  • ваучердик каржылоо механизмин тестирлөө (аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү 1000 балага);
  • мектепке чейинки билим берүүнүн жаңы мамлекеттик билим берүү стандартын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
  • “Балалык” мектепке чейинки билим берүү программасын жаңылоо (3-5 жаштагы балдар үчүн);
  • мектепке чейинки билим берүүнүн сапатына мониторинг жүргүзүү үчүн инструменттерди иштеп чыгуу;
  • жаш балдардын өнүгүүсүн баалоо боюнча улуттук изилдөө жүргүзүү – (2024-жылы сыналган).

“Тилекке каршы, балдарга зордук-зомбулук көрсөтүү сыяктуу көйгөйлөрдү каттап жатабыз. Буга байланыштуу балдар үчүн коопсуз билим берүү чөйрөсүн камсыз кылуу зарыл.

Биз мониторинг жүргүзүп, учурда мамлекеттик жана муниципалдык бала бакчалардын 63% видеокөзөмөл менен жабдылганын аныктадык. Жергиликтүү бийликтин жардамы менен бул көрсөткүчтү 2025-жылы 100% жеткирүү зарыл. Биз өз тарапыбыздан, билим берүү мекемесинин кызматкерлерине жана ата-энелерге инструктаждык жана методикалык жардам көрсөтүүгө даярбыз”, – деди министр.

 

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост