Кыргызстанда мас абалда унаа айдагандарга жазаны катаалдаштыруу пландалууда

 Кыргызстанда мас абалда унаа айдагандарга жазаны катаалдаштыруу пландалууда

Бүгүн Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында “Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча Кыргызстандын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.

Аталган мыйзам долбоору КР президентинин “Кыргызстанда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.

Баяндамачы, ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетовдун айтымында, мас абалында жасалган, бир же бир нече адам өлүмү болгон оор кесепеттерге алып келген эреже бузуулар үчүн жоопкерчиликти күчөтүү, жабырлануучу менен жарашуу аркылуу кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу, жазалардын даражасын кайрадан карап чыгуу, эркиндигинен ажыратуунун узак мөөнөттөрүн белгилөө жана пробацияны колдонуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу сыяктуу өзгөртүүлөр сунушталууда.

“Мындан тышкары, мопеддерди механикалык транспорт каражаттарына теңеп, аларды башкаруу үчүн “А1″ категориясындагы айдоочулук күбөлүктү милдеттендирүү каралууда”, – деди Октябрь Урмамбетов.

Талкуудан кийин аталган мыйзам долбоору I окууда колдоо тапты.

Связанный пост