Кыргызстанда камсыздандыруу келишимин түзгөндөрдүн саны 1,6 эсеге өстү

 Кыргызстанда камсыздандыруу келишимин түзгөндөрдүн саны 1,6 эсеге өстү

2023-жылы камсыздандыруу компаниялары тарабынан 515 миңден ашык камсыздандыруу келишими түзүлдү. Бул көрсөткүч 2022-жылга салыштырганда 1,6 эсеге көп. Мындагы келишимдердин 88%дан ашыгы жеке жактар менен түзүлгөн келишимдерге туура келет.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча камсыздандыруу компаниялары тарабынан 419 млн сомго жакын өлчөмдө сальдолоштурулган пайда алынды. Бул 2022-жылга караганда дээрлик 11%га көп.

Камсыздандыруунун түрлөрү боюнча түзүлгөн келишимдердин саны (жалпы санга карата пайыз менен)

Түзүлгөн келишимдер боюнча камсыздандыруунун суммасы 2022-жылга салыштырмалуу дээрлик 29%га көбөйүп, былтыркы жылдын аягына карата 1 760,3 млрд сомго жетти.

Чарба жүргүзүүчү субъекттердин мүлкүнүн жана автотранспорт каражаттарынын келишимдери боюнча камсыздандыруу көбөйгөн.

Улуттук статком белгилегендей, 2023-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн келип түшүүсүнүн көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 1,4 эсеге көбөйүп, 3 млрд сомду түздү.

“Камсыздандыруу төлөмдөрүнүн көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 2,3 эсеге көбөйүп, 671 млн сомдон ашты. Жалпы камсыздандыруу төлөмдөрүнүн 75,6%ы ыктыярдуу мүлктүк камсыздандырууга туура келди”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост