Кыргызстанда ишкерлер үчүн салык шарттарын жакшыртуу сунушталууда

 Кыргызстанда ишкерлер үчүн салык шарттарын жакшыртуу сунушталууда

Экономика жана коммерция министрлиги ишкердикти колдоо жана салык мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Ведомствонун маалыматына караганда, документ салык мыйзамдарындагы айрым карама-каршылыктарды жоюуга жана бизнес жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Долбоордо чакан жана орто ишкерлер үчүн айрым салыктык жеңилдиктерди киргизүү, мунай продукцияларын сатууда бирдиктүү салык чендерин тактоо, айрым өндүрүш тармактарына салык жүгүн азайтуу жана мамлекеттик маанидеги документтерди даярдоодо колдонулуучу чийки затты импорттоодо жеңилдик берүү сунушталууда.

Мындан тышкары, тигүү жана текстиль тармагындагы ишкерлерди, ошондой эле Россиядагы электрондук соода аянтчалары аркылуу товар саткан субъекттерди убактылуу бирдиктүү салыктан бошотуу маселеси каралууда.

Министрлик кызыкдар тараптарды мыйзам долбоору боюнча сунуштарын берүүгө чакырды.

Связанный пост