Кыргызстанда бир жумада мас абалында унаа башкарган 63 айдоочу аныкталды

 Кыргызстанда бир жумада мас абалында унаа башкарган 63 айдоочу аныкталды

Кыргызстанда 1-апрелден 7-апрелге чейинки аралыкта 22 миң 895 жол эрежесин бузуу фактысы катталды.

 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

 

тийиштүү документтери жок автоунаа башкаруу – 226;

мас абалында унаа башкаруу – 63;

автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 58;

жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 946;

транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 653;

автоээнбаштык – 5;

белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4 512;

жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу – 3;

башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 13 429;

Ошондой эле 867 автоунаа ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн убактылуу айып короосуна киргизилген.

 

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.

Связанный пост