Кыргызстанда бир жумада мас абалында унаа башкарган 320 айдоочу аныкталды
Кыргызстанда 13-январдан 19-январга чейин алдын ала маалымат боюнча, 23 миң 276 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:
тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 761;
мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 320;
авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 137;
жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 147;
транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 4 186;
авто ээнбаштык – 12;
белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3 288;
жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 11;
башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 965;
Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 449 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.