Кыргызстанда бир жумада эреже бузган 2 миңден ашык унаа айып короого токтотулду
Кыргызстанда 25-ноябрдан 1-декабрга чейин алдын ала маалымат боюнча, 20 миң 57 жол эрежесин бузуу фактысы катталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:
- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 858;
- мас абалында авто транспорт каражатын башкаруу – 253;
- авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 74;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 369;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3261;
- авто ээнбаштык – 3;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3 594;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 12 014;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2022 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.